2019-жылдын 11 айында ИДПнын көлөмү 513,4 млрд сомду түзгөн

20.12.2019, 12:30 Акчабар
2019-жылдын 11 айында ИДПнын көлөмү 513,4 млрд сомду түзгөн

2019-жылдын январь-ноябрь айларынын жыйынтыгы боюнча ички дүң продуктунун көлөмү 513,4 млрд сомду түзгөн. Бул тууралуу КР Экономика министрлиги билдирет.

Реалдуу өсүү темпи Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды кошпогондо 4,9% ды түзгөн (2018-жылдын январь-ноябрында 103,1% ды түзгөн), өсүү темпи 103,5%  (2018 - жылдын январь-ноябрында-103,2 %). ИДПнын дефлятору 100% ды түзгөн.

Экономикалык өсүш экономиканын бардык секторлорунда көрсөткүчү: айыл чарбасында көлөмдөр 1,9% га, курулушта – 9,8% га, өнөр жайда – 10,0% га, кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө – 2,8% га реалдуу өскөн.

Номиналдуу ИДП түзүмүндө экономикада түзүлгөн тенденциялардын натыйжасында товарларды өндүрүүчү тармактардын үлүшү, 1,8 % көбөйгөн жана 41,4% ды түзгөн, ал эми кызмат көрсөтүү тармактарынын үлүшү 1,1 %  төмөндөгөн жана 44,4% ды түзгөн.

Тэги: сельское хозяйство Кыргызстан ВВП экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу