2020-жылдын 1-декабрына карата стимулдук гранттын эсебинен мектепке чейинки 34 объект каржыланган. Бул тууралуу финансы министрлиги маалымдады.
Жалпысынан 34 бала-бакчага 45.4 млн сом бөлүнгөн.
Финансы министрлигинин маалыматына ылайык, каржыланган бала бакчалардын басымдуу бөлүгу Ош облусунда жайгашкан.
Кошумчалай кетсек, стимулдук гранттар - бул республикалык бюджет тарабынан бөлүнүүчяү каражат. Бул каражаттар сынактын негизинде жергиликтүү өз алдынча башкаруу бийлигине өткөрүлүп берилет.