Коррупцияга шектелип «Манас» аэропортунун мурдагы башчысы кармалды

18.02.2021, 15:00 Акчабар
Коррупцияга шектелип «Манас» аэропортунун мурдагы башчысы кармалды

«Манас» эл аралык аэропортундагы коррупциялык схемага байланыштуу кылмыш ишине шектелип аэропорттун экс-башчысы Мурат Примбердиев кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

 

Буга чейин айтылгандай, Башкы прокуратура менен Транспорт прокуратурасы биргеликте «Манас Менеджмент Компани» ЖАКтын жооптуу адамдары тарабынан эл аралык авиакаттамдардын жүк ташуусу үчүн чет өлкөлүк компанияга жеңилдиктерди берүү боюнча туруктуу коррупциялык схеманы аныкташкандыгы маалымдалган.

«17-февралда жогоруда айтылган иштин алкагында «Манас» эл аралык аэропорту ААКтын башкармалыгынын мурунку төрагасы Мурат Примбердиев коррупцияга шектелип кармалды. Ал ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген», - деп айтылат билдирүүдө.

Учурда тергөө иши уланууда.


 

Тэги: аэропорт Манас коррупция Генпрокуратура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу