Новиков: Кыргызстанга оор жүк ташуучу унаалар текшерүүсүз кирип жатышат

08.01.2021, 14:40 Акчабар
Новиков: Кыргызстанга оор жүк ташуучу унаалар текшерүүсүз кирип жатышат

Чек ара жана Салык кызматынын бирге макулдашылбаган иштеринен улам Кыргызстанга жүк ташуучу унаалар текшерүүсүз кирип жатышат. Премьер-министрдин м.а. Артем Новиков Талас облусундагы «Бириктирилген посттун» ишинин начар аткарылышына нааразычылыгын билдирди. 

 

 

Ал белгилегендей, чек ара жана салык кызматтарында маалыматтар ар түрдүү чыгууда. Бул өлкөгө кирип жаткан оор жүк ташуучу унаалар тууралуу Салык кызматы кабардар болбой жаткандыгын билдирет. 

«Азыр эле биздин унаанын алдында, күйүүчү май ташуучу унаа салыктык текшерүүдөн качып, өтүп кетти. Бул жерге оор жүк ташуучу автоунаалардын өтүүсүнө тыюу салган белги орнотуп, алар өтүүчү жолду тосуп, алардын номерлерин каттаган тутумду ишке киргизип койсо болбойт беле? Жүк ташуучу унаалар өткөрүү пунктарынан өтүп жатканда, биз азыр жасап жаткан иштин баарынын пайдасы жок. Биз болсо буга көңүл бөлбөй жатабыз», — деп нааразычылыгын билдирген Новиков. 

 

Новиков жакынкы убакыт аралыгында өткөн автотранспорттордун каттоо тутумун орнотуу, өтмөктүн көлөмүн кыскартуу жана «Бириктирилген постту» айланып өтүүчү жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө тыюу салган жол белгисин орнотууну тапшырды. 

 

 

Тэги: кабмин сводный пост ГНС ГПС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу