Кыргызстандын калкынын аярлуу катмарына ID карттарды бекер берүү боюнча улуттук кампания аяктады. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Мекеме бул акцияны 1-майдан 31-августка чейин жарандардын беш категориясы үчүн жүргүзгөн.
Акциянын жыйынтыгында министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 218 паспорт бекер даярдалган жана берилген, дагы 75 паспорт даярдалып жатат.