Берилген арызга ылайык, 2021-жылдын 19-октябрында "Кыргызалтын" ишканасынын башкармалыгынын төрагасынын орун басары Акыл Токтобаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Эске салсак, ал "Кыргызалтын" ААКсында мурдагы кызматын ушул жылдын 28-июнунан бери аркалап келген.
"Кыргызалтындын" директорлор кеңеши бош орунга Жеңиш Сейдалиевди башкарманын төрагасынын жаңы орун басары кылып шайлашты.