"Кыргызалтын" ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы кызматтан бошотулду. Бул тууралуу кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.
Ээлеген кызматынан бошотулган Аскар Өскөмбаев "Кыргызалтында" 2016-жылдан тарта иштеп келаткан.
Эске салсак, буга чейин мекеменин жетекчиси да алмашып, ордуна 33 жаштагы Эльмырза Укубаев дайындалган.