Кыргызстанга 600 миң $ акчаны мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстан жараны кармалды

24.10.2019, 12:10 Акчабар
Кыргызстанга 600 миң $ акчаны мыйзамсыз алып келе жаткан Өзбекстан жараны кармалды

Наманган районунун тургуну Неъматулло Вохидов Кыргызстанга 605 миң 136 доллар акчаны мыйзамсыз ташып өтүүгө аракет кылган. Бул тууралуу Уза маалымат агенттиги билдирет.

Маалыматка ылайык, мурун соттуулугу бар Неъматулло Вохидов чет элдик валютаны Ташкент жана Наманган облусунун жашоочуларынан Кыргызстандын жараны Илеске берем деген максатта алган.Ал акчаны жеткизип бергендиги үчүн өзү дагы кызмат акы алаары белгилүү болгон.  Касан районундагы бажы пунктундагы текшерүү учурунда, көп өлчөмдөгү накталай акчага тиешелүү документтер жок болуп чыккан.

Учурда бул факт боюнча Өзбекстандын Наманган облусундагы коопсуздук кызматы Кылмыш кодексинин беренесине ылайык, кылмыш ишин козгоду.

Тэги: незаконный ввоз деньги таможенный контроль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу