Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттерде эмгектенгендерди пенсия менен камсыз кылуу келишиминин алкагында Социалдык фонд тарабынан 14 жаранга пенсия дайындалды. Бул тууралуу фонддун сайтында айтылат.
Маалыматка ылайык, 2022-жылдын январь-август айларында Россия Федерациясынын 12 жаранына жана Казакстан Республикасынын 2 жаранына пенсия дайындалды.
Эске салсак, келишим 2021-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирген.