Кыргызстанда инфляция беш айда 4,8% түздү

11.06.2021, 14:00 Акчабар
Кыргызстанда инфляция беш айда 4,8% түздү

Быйылкы жылдын январь-май айларында 2020-жылдын декабрына салыштырмалуу, жалпы республика боюнча керектөө бааларынын жана тарифтеринин өсүшү 4,8% түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Баалар азык-түлүк товарларына жана алкоголсуз суусундуктарга 6,8% га, алкоголдук ичимдиктерге жана тамеки заттарына - 6,5% га, азык-түлүк эмес товарларга - 3% га, калкка кызмат көрсөтүүлөргө тарифтер - 1,1% га жогорулады.

Ушул мезгилде картошка - 33,9%, кум шекер - 20,6%, тамак-аш өсүмдүк майлары - 19%, козу - 14,2%, тооктун жумурткасы - 13%, жаңы жашылчалар - 12%, жаңы жемиштер - 9,6% га, балык - 5,1% га жана нан - 2,8% га кымбаттады.

Тэги: инфляция цены тарифы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу