Кыргызстанда инфляция жыл аягында 15,3%га чейин тездейт – ЕӨБ

06.06.2022, 08:37 Акчабар
Кыргызстанда инфляция жыл аягында 15,3%га чейин тездейт – ЕӨБ

Евразия өнүктүрүү банкынын операцияларынын аймагында инфляция 2022-жылдын март-апрель айларында тездеди жана 2023-жылы дагы жогору бойдон калат. Бул тууралуу банктын жаңы макроэкономикалык баяндамасында айтылат.

Ушул жылдын жыйынтыгы боюнча керектөө бааларынын өсүшү Россияда жана Белоруссияда мүмкүн болушунча тездейт – жылдын аягында тиешелүүлүгүнө жараша 16% жана 18%га чейин. Негизги факторлор - жеткирүү чынжырынын үзгүлтүккө учурашы, улуттук валюталардын өзгөрүлмөлүүлүгүнүн күчөшү, девальвациянын жана инфляциялык күтүүлөрдүн күчөшү, ошондой эле чийки затка баанын өсүшү.

“Чектөөлөрдүн кесепеттери түздөн-түз таасирин тийгизбеген өлкөлөрдө инфляциянын өсүшү азыраак болот: Арменияда 2022-жылдын аягында 8,6%, Казакстанда - 13,2%, Кыргызстанда - 15,3%, Тажикстанда - 11,4%. Экономикалардын жаңы иштөө шарттарына ыңгайлашуусу 2023-жылы инфляциянын бир орундуу көрсөткүчкө чейин басаңдашына жардам берет”, — деп айтылат докладда.

Бирок, жаңы жеткирүү түйүндөрүн түзүүгө кеткен чыгымдардан улам Россияда жана Беларуста баанын өсүшү борбордук банктын көрсөткүчтөрүнөн жогору бойдон калат. Биз ЕӨБ аймагы боюнча чогуу алгандагы инфляция 2022-жылы 15,5% болгондон кийин 2023-жылдын аягына чейин 6,7% түзөөрүн жана 2024-жылы 4,5%га басаңдаарын күтөбүз.

Тэги: инфляция Кыргызстан ЕАБР Россия экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу