Кыргызстанда бир ай ичинде тооктун жумурткасынын баасы 5,28% га төмөндөдү. Бул тууралуу статистикалык комитеттин күнүмдүк баалардын мониторингинин негизинде белгилүү болду.
Эгер 31-майда он тооктун жумурткасынын баасы 102,94 сом болсо, 29-июнда 97,5 сом болгон.
Баарынан да баалар Нарында, дароо 16,3% га, Балыкчыда 10,61% га арзандады.
Ошол эле учурда, эң арзан жумуртка Балыкчы шаарында болуп, он даанасы 84,85 сомду түзгөн, ал эми эң кымбаты Өзгөндө катталып он жумурткага 131,65 сом төлөөгө туура келет.