Кыргызстанда кант өндүрүү 232% өстү

17.11.2022, 13:08 Акчабар
Кыргызстанда кант өндүрүү 232% өстү

Быйыл алгачкы он айда Кыргызстанда 49 миллиард 72 миллион 958,6 миң сомдук айыл чарба өнүмү өндүрүлдү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 42,45%га көп. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин “Кыргызстандын өнөр жайынын негизги экономикалык көрсөткүчтөрү” аттуу ай сайын чыгуучу бюллетенде жарыяланды. 

“Акчабардын”маалыматы боюнча, эң көп кант өндүрүү 232,32%га, ошондой эле өсүмдүк, мал майы жана майларды өндүрүү 211,59%га өскөн. Ун жана дан азыктары, крахмал жана крахмал азыктарын өндүрүү байкаларлык 87,87%га жогорулаган. Ал эми балыктарды, рак сымалдууларды жана моллюскаларды кайра иштетүү 74,07%га өскөн. Макарон жана татымалдарды чыгаруу 50%дан ашык өскөн. 

Тескерисинче, жүзүмдөн шарап өндүрүү 11,28%га төмөндөсө, чай жана кофе өндүрүү 11,64%га кыскарган.

 

Тэги: новости Кыргызстана экономика производство сельхозпродукция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу