Интерпол издеп жаткан унаалар Кыргызстандан табылды

20.01.2022, 10:10 Акчабар
Интерпол издеп жаткан унаалар Кыргызстандан табылды

Ички иштер министрлигинин Интерполдун кызматкерлери жүргүзгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында Интерпол эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөдө жүргөн бир нече автоунаа Кыргызстандын аймагына алынып келип жатканы аныкталган.

ИИМдин Тергөө кызматынын жана Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаарындагы автосалондордун бирине тинтүү жүргүзүү учурунда 18 автоунаа токтотуу жайга коюлган, анын ичинен, беш премиум-класстагы унаа 2020-2021-жылдары Швецияда уурдалган.

“Учурда унаа уурдоого тиешеси бар адамдарды аныктоо, ошондой эле Интерпол Эл аралык кылмыш полициясы уюму тарабынан издөөгө алынган башка унааларды издөө боюнча кошумча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө”,- деп айтылат ИИМдин маалыматтында.

 

Тэги: Интерпол Кыргызстан автомобили из Европы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу