Кыргызстан ЕАЭБде эмгек акынын өсүү темпи боюнча алдыңкы орунда

02.09.2022, 15:01 Акчабар
Кыргызстан ЕАЭБде эмгек акынын өсүү темпи боюнча алдыңкы орунда

Евразия экономикалык биримдигинин бардык өлкөлөрүндө 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында орточо айлык номиналдык эмгек акы өстү. Мындай маалыматты Евразиялык экономикалык комиссия билдирди.

Номиналдуу жана реалдуу эмгек акынын эң жогорку өсүш темпи Казакстанда (тиешелүүлүгүнө жараша 124,1% жана 110,9%) жана Кыргызстанда (123,9% жана 109,8%) катталды.

Ошол эле учурда эң аз орточо айлык номиналдык эмгек акы Кыргызстанда катталып, 23,9 миң сомду же 279 долларды, эң жогорку Россияда 61,9 миң рубль же 828 долларды түздү.

Ошол эле учурда Россияда жана Белоруссияда январь-июнь айларында реалдуу эмгек акынын 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу тиешелүүлүгүнө жараша 1,3% жана 0,3%га азайганы байкалды.

Тэги: Кыргызстан ЕАЭС зарплаты экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу