Евразия экономикалык биримдигинин бардык мүчө мамлекеттеринде бюджеттин чыгаша бөлүгүндө олуттуу үлүштү социалдык чөйрөнү жана улуттук иш-чараларды каржылоо ээлейт, деп жазды ЕЭК.
Улуттук экономикага чыгашалардын өсүшү Арменияда, Кыргызстанда жана Россияда байкалган.
Алсак, Кыргыз Республикасында 2021-жылдын январь-сентябрь айларында улуттук экономикага чыгашалар бюджеттин бардык чыгашаларынын 4%ын түздү (2020-жылы 3%). Ошол эле учурда жалпы мамлекеттик иш-чараларга чегерүүлөрдүн 34%га (-3 пайыздык пунктка) жана социалдык секторго 32%га (-2 пайыздык пунктка) чейин төмөндөшү байкалды.