Кыргызстанда балык азыгын чыгаруучу завод курулат

06.06.2022, 09:50 Акчабар
Кыргызстанда балык азыгын чыгаруучу завод курулат

Кыргызстанда жылына 3,6 миң тонна продукция өндүргөн форель балыгы үчүн тоют чыгаруучу биринчи завод курулат. Бул тууралуу Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун сайтында маалымдалды.

Долбоор Фонддун каражаттарынын эсебинен “Салих ЛТД” ЖЧКсы тарабынан ишке ашырылууда. Жаңы ишкананы эл аралык стандартка ылайык заманбап жабдуулар менен жабдуу жана анын базасында продукциянын сапатын көзөмөлдөө лабораториясын ишке киргизүү пландалып жатат.

“Бул өлкөнүн балык чарба тармагын комплекстүү өнүктүрүүдө КОӨФтүн пилоттук долбоорлорунун бири. Ошондой эле балык өстүрүү жана кайра иштетүү, капас фермаларын куруу долбоорлорун каржылайбыз. Келечекте биз балык өстүрүү тармагынын толук кандуу кластерин түзүүнү күтүп жатабыз – тоют өндүрүүдөн баштап, даяр продукцияны тышкы рынокко экспорттоого чейин”, – деди фонддун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Заводдун өндүрүш көлөмү Кыргызстандын рыногунда тоют керектөөнүн 30-50%га жакынын жаба алат, бул анын өздүк наркынын 30%га арзандашына таасирин тийгизери белгиленген. Мында продукциянын көлөмүнүн 1/3 бөлүгүн ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттоо пландалууда.

Тэги: РКФР производство рыбы ОсОО «Салих ЛТД» завод рыбная отрасль

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу