Кыргызстанда жаңы төлөм оператору пайда болду

06.02.2020, 12:40 Акчабар
Кыргызстанда жаңы төлөм оператору пайда болду

Кыргызстандын Улуттук банкы ОсОО «КЭМП Мани» төлөм операторунун ишин жүргүзүүгө лицензия берди. Бул тууралуу УБ сайтында маалымдалат. 

ОсОО төлөм операторлор системасынын жана төлөм уюмдарынын реестрине киргизилди. 

2020 - жылдын 5 - февралында жоопкерчилиги чектелген «КЭМП Мани» төмөнкү  иштерди жүргүзүүгө лицензия алды: 

№ 3029050220 – өз иш натыйжасы болуп саналбаган товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөмдөрдү жана эсептешүүлөрдү үчүнчү жактардын пайдасына маалымат технологияларына жана электрондук каражаттарга, ошондой эле төлөмдөрдү өткөрүү ыкмаларына негизденген төлөм системалары аркылуу кабыл алуу жана өткөрүү боюнча кызматтарды сунуштоо; 

№ 2028050220 – үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча кызматтарды сунуштоо. 

 


 

Тэги: платежные системы Кыргызстан лицензии деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу