Кыргызстанда 274 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

12.11.2021, 11:33 Акчабар
Кыргызстанда 274 млрд сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлгөн

Ушул жылдын январь-октябрь айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 274 миллиард сомдон ашып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 0,23%га өстү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жыйынында билдирди.

Белгиленгендей, өсүш бир эле учурда бир нече тармакта өндүрүлгөн продукциянын көлөмүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болду.

Алсак, январь-октябрь айларында чийки мунай продуктуларын, резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын, жыгач жана кагаз буюмдарын, полиграфия буюмдарын, тоо-кен өндүрүшүн, ошондой эле тамак-аш жана тамеки буюмдарын өндүрүүдө өсүш катталган.

Кошумчалай кетсек, бул жылдын январь-сентябрь айларына салыштырмалуу көрсөткүч 40,5 миллиард сомго көбөйгөн.

Тэги: производство промышленная продукция Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу