Кыргызстандын өнөр - жай өндүрүшү 6,9 пайызга өскөн

05.02.2020, 13:33 Акчабар
Кыргызстандын өнөр - жай өндүрүшү 6,9 пайызга өскөн

2019-жылдын январь-декабрь айларында Евразиялык экономикалык биримдигинин өнөр-жай өндүрүшүнүн көлөмү  2018-жылдын ушул эле убагына салыштырмалуу 102,5 пайызды түздү. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиясы билдирди.

2018-жылдын ноябрь айына салыштырмалуу бүткүл биримдиктин өнөр-жай өндүрүшүнүн  өсүшү 2019-жылдын ноябрына карата 8,3 пайызды түзгөн.

Каралып жаткан мөөнөттөгү эң жогорку өсүү Арменияда байкалып, ал +9 пайызды түзгөн, экинчи орунда Кыргызстан +6,9 пайыз. Өсүү тоо-кен жана кайра иштетүү өндүрүшү менен камсыздалып, алардын көрсөткүчтөрү +18,4 жана +8,3 пайызды түзгөн. Ал эми өндүрүш жана электр менен камсыздоо тармактары төмөндөгөн. Газ менен камсыздоо, канализация системасы, таштандыларды чогултуу жана жайгаштырууну көзөмөлдөө дагы түшүп, көрсөткүчтөрү -3,4 жана -2,8 пайызды түзгөн.

Казакстандын өндүрүш өнөр-жай өндүрүшү  3,8, Орусияныкы 2,4 жана Беларустуку 1 пайызга өскөн.

 

 

Тэги: промышленность ЕАЭС Кыргызстан экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу