Социалдык маанилүү товарлардын баасы турукташууда

10.05.2022, 09:29 Акчабар
Социалдык маанилүү товарлардын баасы турукташууда

Кыргызстанда социалдык мааниге ээ товарлардын баасы мурдагы деңгээлде кармалууда. Чекене базарда товардын эч кандай тартыштыгы жок. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Алсак, башкармалыктын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери тарабынан жүргүзүлгөн баалардын мониторингинин жыйынтыгында республика боюнча өсүмдүк майынын орточо баасы литрине 127 сомдон 145 сомго чейин өзгөрүп жатканы белгилүү болду. Шекер соода түйүндөрүндө 60 сомдон лоялдуулук карталары менен сатылат, базарларда анын баасы килограммы 80 сомго чейин жетет. Жергиликтүү өндүрүштөгү биринчи сорттогу ундун бир капы 1650 сом (50 кг) – килограммы 33 сом. Импорттук ундун сортуна жараша килограммы 35 сомдон 40 сомго чейин сатылууда.

 

Ошол эле учурда жаңы түшүмдүн пайда болушуна байланыштуу картошка, сабиз, пияз, капуста, помидор, бадыраңдын баасы төмөндөөдө.

Маалым болгондой, социалдык маанидеги товарлардын баасына мониторинг жүргүзүү менен бирге аталган кызматтын аймактык бөлүмдөрүнүн адистери сатуучуларга бардык сатуу чынжырында өсүмдүк майына жана кантка КНСти нөлгө түшүрүү зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүшкөн.

Тэги: цены на продукты антимонопольная служба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу