Кыргызстанда товарларды узартып сатууда банктарсыз сата алышабы?

10.04.2019, 13:24 Акчабар
Кыргызстанда товарларды узартып сатууда банктарсыз сата алышабы?

Кыргызстанда эл керектөөчү товарларды соода түйүндөрү ортомчусуз, тактап айтканда банктарсыз эле узартып сата алабы?  Финансистер менен банкирлер  дал ушул маселеге келгенде талашка түшүштү.  Каттуу  талкуу “Кредиттик маалыматтарды бөлүшү” тууралуу мыйзам долбоору каралып жатканда жаралды.

Талкууда банктар каршы чыгышты. Узартылып сатылган товарлар банктар аркылуу сатылышын калтыруу керек деп чыгышты. Анткени, соодагерлерге “кардарлар тууралуу ашыкча” маалыматтар кетип калат деген жүйөнү карманышса, кредиттик бюролор ага каршы болушту. Анткени, КР Жарандык Кодекси боюнча соода тармактары кардарларга ортомчусуз узартып сатууга укугу бар.

«Банктар алар аркылуу товарлардын сатылышын каалашат. Бул эми түшүнүктүү да. Бирок, Жарандык Кодекс боюнча соода маркеттери ортомчусуз кардарга товарын саткысы келсе, аны узартып төлөөгө бере алат » деп билдирди  WBG/IFC долбоорлорунун координатору Фатима Эшимбекова.

Банкирлер соода  маркеттеринде  кардарлар тууралуу маалыматтар жок экенин айтып талашка түшүштү. Бул маалыматтарсыз соодергерлер кайтарымсыз кардарларга туш болот деп чоочулашты.

ЖК  депутаты, мыйзам долбоорунун демилгечиси Дастан Бекешев аларга карши пикирин билдирип, бул мыйзамсыз эле учурда деле кардарлар жеке маалыматтарды соодагерлерге берип жатканын эскерти. Демек, бизнес өзү чечим кабыл алат кардарга төлөгөө кудуреттүүбү же жокпу.

«Эгерде кардар соода түйүнүнөн товар сатып алып жатса, паспортунун көчүрмөсүн идентификациялык  маалыматтарын өз ыктыяры менен берип жатпайбы. Демек, бул маалыматтар соодагерлерге кепилдик сыяктуу керек болот. Ошондуктан, талаш жаратпашы керек деген ойдомун» деп билдирди парламентарий.

Кыргызстанда  2 млн адам  төлөм жасоого кудуретти болуп саналып, банк кызматтарын колдоно алат.

Бул талаш боюнча тараптар бир пикирге келген жок. Эгерде мыйзам долбоору кабыл алынса, анда соода борборлору кардарларга түз товарды узартып сата алышат. Ал эми бул кызмат элге канчалык жагат, азырынча белгисиз.

Товарларды узартып сатуудан тышкары талаш туудурган маселе банктын сыры боюнча жүрдү. Айрымдары кардардын “макулдугу жок” эле маалыматтар менен алмашуу керек деп чыгышты. Бирок, көпчүлүк бул жаңылыкты колдошкон жок. Анткени,  бул мыйзам долбоору «Банктык сыр жөнүндө» мыйзам  менен эң негизгиси КР Конституциясына карма каршы келет.  

«Кардарлар тууралуу  маалыматтарды алардын  “макулдугу же макулдугусуз” алмашуу  ар бир мамлекетте ар башка тартипте кабыл алынган. Бирок, биздин мыйзамдарга ылайык кардардын макулдугу зарыл» деп белгиледи Фатима Эшимбекова.

Учурда 9 миң гана кардар тууралуу маалыматтар бирдиктүү базага чогулган.

Финансы секторунун катышуучулары бир добуштан кардарлар тууралуу маалыматтарды чогултууну кеңейтүү керектигин айтышты. Толук кандуу маалымат базасы чогулса, кардарлар менен иштөө жеңил болот. Анткени, эми негативдүү  маалыматтар менен катар позитивдүү кардарлар тууралуу дагы информация жыйналат. Бул Кыргызстандагы финансалык жоопкерчиликти жогорулатат. Мындай өзгөрүү карыз алуучуларды ды гана эмес, ссуда, насыя берген финансы мекемелерин дагы тартипке келтирет. Алар эми бир нече кредити бар адамды дароо көрүп, андан күрөөнү алып, карыз бергенге шашпайт. Анткени, финансы системасы дагы кимдер кандай кардар топтоп жатканын дагы байкай алышат.  

Тэги: банки Кыргызстан рассрочка финансовые услуги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу