Энергиянын кайра жаралуучу булактарын орнотуу үчүн жер берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

28.03.2023, 15:21 Акчабар
Энергиянын кайра жаралуучу булактарын орнотуу үчүн жер берүү жөнөкөйлөштүрүлөт

Кыргызстанда энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдаланууга арналган жерлерди өткөрүп берүү маселелери каралды. Бул тууралуу Toktom.kg маалыматтык-укуктук порталында жазылды.

Маалыматка ылайык, президенттин 2023-жылдын 23-мартындагы жарлыгы менен  Министрлер кабинетине караштуу Жашыл энергетика фондуна белгиленген тартипте энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн ылайыктуу жерлерди чексиз колдонуу укугун берүү тапшырылды.

Энергетика министрлигине Айыл чарба министрлиги, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен бирдикте бир айлык мөөнөттө энергиянын кайра жаралуучу булактарын пайдалануу үчүн жер участокторун берүүнүн жөнөкөйлөштүрүлгөн тартибин аныктаган ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды.

Тэги: ВИЭ земельные участки кабмин КР президент КР экономика Новости Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу