Август айында Кыргызстанда инфляция 15,4% түздү

30.08.2022, 10:34 Акчабар
Август айында Кыргызстанда инфляция 15,4% түздү

Ушул жылдын август айында инфляция 15,4% түздү. 2021-жылдын июль айына салыштырмалуу көрсөткүч 1,6 пайыздык пунктка (июлда – 13,8%) тездеген. Мындай маалымат жөнгө салуучу органдан белгилүү болду.

2022-жылдын жай мезгилиндеги сезондук дефляциянын жоктугу туруктуу инфляциялык басымдын негизги көрүнүшү болуп саналат.

“Ошол эле учурда 2023-жылдын биринчи жарымында инфляциялык процесстердин басаңдашы дүйнөлүк экономиканын турукташтыруу жана дүйнөлүк товардык рыноктордогу жаңы соода-экономикалык байланыштарга ыңгайлашуусу күтүлөт”, - деп белгилейт Улуттук банк.

Ошондой эле, Улуттук банктын айтымында, инфляциянын басаңдашына Улуттук банктын жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты жана Министрлер кабинетинин өлкөдөгү инфляцияны турукташтыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралары олуттуу салым кошот.

Тэги: инфляция Кыргызстан экономика цены

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу