Кыргызстанда 2023-жылдын биринчи кварталында билим берүү тармагына кеткен чыгымдар көбөйдү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы Талас Айдарбек уулу билдирди.
Эгерде 2022-жылы бул максаттарга чыгашалар 56 миллиард сомду түзсө, 2023-жылы 65,3 миллиард сомго чейин өскөн.
"Өсүүгө тармактагы кызматкерлердин эмгек акысынын жогорулашы таасир эткен, мындан тышкары акча окуу китептерин сатып алууга, мектептерди оңдоого жана курууга жумшалган", - деди бюджеттик саясат бөлүмүнүн башчысы.