Өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды

26.12.2019, 09:43 Акчабар
Өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү маселелери талкууланды

2019-жылдын 25 декабрында КР Тышкы иштер министрлигинде Кыргызстандын туристтик компанияларынын жана уюмдарынын өкүлдөрү менен министр Чыңгыз Айдарбековдун кезектеги жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө туристтик коомчулуктун өкүлдөрүнө Министрлик тарабынан виза режимин либералдаштыруу, консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу, оптималдаштыруу жана өркүндөтүү жолу менен өлкөнүн туристтик тармагын өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча жүргүзүлгөн иштер жөнүндө маалымдалды.

Министр заманбап Визалык борбордун ачылганын, жарандарына визасыз режим менен кирүү жайылтылган өлкөлөрдүн тизмеси кеӊейтилгендигин, Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнүн резиденттери - 11 мамлекеттин жарандары үчүн визалык режимдин жөнөкөйлөштүрүлгөндүгүн, ошондой эле визалардын жаңы категорияларын киргизүү сыяктуу министрликтин алдыдагы демилгелерин, алардын ичинде, «тоо туризми үчүн виза» өзгөчө визасын киргизүүнү, юридикалык жактар үчүн «Электрондук виза» сайтында «жеке бөлмө» түзүүнү, визалык системаны андан ары либералдаштыруу пландарын белгиледи.

Министрлик менен туристтик коомчулуктун мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелери боюнча кеӊири пикир алмашуу болду, келерки жылга пландар белгиленди.
 

Тэги: туризм Кыргызстаны экономика бизнес

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу