Экономика министрлигинде ЕАЭБдин аймагына продукцияны алып кирүү жана жүгүртүү жол-жоболору түшүндүрүлдү

23.10.2019, 16:15 Акчабар
Экономика министрлигинде ЕАЭБдин аймагына продукцияны алып кирүү жана жүгүртүү жол-жоболору түшүндүрүлдү

Бүгүн, 2019-жылдын 23-октябрында Бишкек шаарында КР Экономика министрлигинин Техникалык жөнгө салуу жана метрология башкармалыгынын начальниги Бакыт Шабдановдун, КР Экономика министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборунун директору Бердимамат Аданбаевдин, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн, продукцияларды ташып келүүгө жана ташып чыгууга контролду камсыздоо боюнча эксперттердин катышуусунда пресс-конференция өткөрүлдү. Атап айтканда, Евразия экономикалык бирлигинин (ЕАЭБ) бажы аймагы боюнча продукцияны алып кирүү жана жүгүртүү жол-жоболору түшүндүрүлдү.

Б.Шабданов белгилегендей, Евразия экономикалык бирлигинин аймагында ташылып келүүчү жана жүгүртүүгө чыгарылуучу продукция ЕАЭБ (ББ) техникалык регламенттеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Айыл чарба продукциясы Евразия экономикалык бирлигинин (ББ) техникалык регламенттеринин төмөнкү талаптарына ылайык келүүгө тийиш: «Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 021/2011), «Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө» (ББ ТР 002/2011), «Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 005/2011).
Эт жана эт продукциясы, сүт жана сүт продукциясы Евразия экономикалык бирлигинин (ББ) техникалык регламенттеринин төмөнкү талаптарына жооп бериши керек: “Тамак-аш продукциясынын коопсуздугу жөнүндө” (ББ ТР 021/2011), «Тамак-аш продукциясы аны маркалоо бөлүгүндө» (ББ ТР 002/2011), “Таңгактын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 005/2011), «Эт жана эт продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 034/2013), “Сүт жана сүт азыктарынын коопсуздугу жөнүндө” (БС ТР 033/2013), «Тамак-аш кошулмаларынын, жыпар жыт берүүчүлөрдүн жана технологиялык көмөкчү каражаттардын коопсуздугуна коюлуучу талаптар» (ББ ТР 029/2012).

Жеңил өнөр жайынын продукциясы «Жеңил өнөр жай продукциясынын коопсуздугу жөнүндө» (ББ ТР 017/2011) Евразия экономикалык бирлигинин техникалык регламентинин талаптарына дал келиши керек.

Ошондой эле жүгүртүүгө чыгарылган продукция товарды коштоочу документтер менен коштолот: шайкештик сертификаты, шайкештик жөнүндө декларация, Ветеринардык сертификат, фитосанитардык сертификат, продукцияны берүүгө контракт, эсеп-фактура, өндүрүш сертификаты, товардык-транспорттук коштомо кагаз ж. б.

 

Тэги: ЕАЭС продукция Министерство экономики

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу