Кыргызстандын аймактарында электрондук каттоо боюнча семинарлар өтүүдө

23.10.2019, 14:15 Акчабар
Кыргызстандын аймактарында электрондук каттоо боюнча семинарлар  өтүүдө

«Кыргызстанда 2020-жылы эл жана турак жай фондун электрондук форматта каттоого даярдык көрүү» темасындагы окутуу семинары Талас, Нарын, Ысык-Көл, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын мамлекеттик статистика башкармалыктарынын кызматкерлери үчүн өтүп жатат.

Бул семинар Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен 21-октябрдан 23-октябрга чейин Бишкек шаарында өтөт. Буга чейин 14-октябрдан 18-октябрга чейин Ош шаарында Баткен, Ош, Жалал-Абад жана Ош шаарынын кызматкерлери үчүн семинардын биринчи этабы болуп өттү.

Семинарда электрондук суроолор жыйнагынын мазмуну, мобилдик тиркемеде суроолор жыйнагынын каттоо ирети жана 2019-жылы Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым райондорунда өткөн пилоттук эл жана турак жай фондун каттоонун натыйжалары каралат.

 

 

 

Тэги: Нацстатком заседание электронная форма отчетности IT-нфраструктура

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу