Нарында аткаминерлер аткарылбаган иштер үчүн 4,5 млн сом сарптаган

05.07.2022, 14:14 Акчабар
Нарында аткаминерлер аткарылбаган иштер үчүн 4,5 млн сом сарптаган

Кочкор районунун Кара-Суу айылындагы спорт залдын курулушунда Нарын облусунун Капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери иш жүзүндө аткарылбаган иштер үчүн акча которушкан. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан кабарлашты.

Маалым болгондой, Нарын облусунун УКС кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке 4,5 миллион сом зыян келтирилген.

Бул факты боюнча облустун прокуратурасы тарабынан 337-берене (Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Тэги: коррупция Нарын

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу