Кумтөрдүн эсебинен Нарын облусунда өнүктүрүү фонду түзүлөт

21.06.2021, 09:00 Акчабар
Кумтөрдүн эсебинен Нарын облусунда өнүктүрүү фонду түзүлөт

Нарын облусунда өнүктүрүү фонду түзүлөт, ал жыл сайын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын дүң кирешесинин 0,6% чегерип турат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров аймакка жасаган иш сапары учурунда билдирди.

Мамлекет башчы Ат-Башы районунун тургундары менен баарлашып, алардын жерди трансформациялоо, ичүүчү суу менен камсыздоо, электр энергиясынын тарифтери, социалдык объектилердин курулушу, жол инфраструктурасы жана башка суроолоруна жооп берди.

Президент ошондой эле жакынкы келечекте Нарын облусун өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө билдирди. Ага жыл сайын "Кумтөр Голд Компани" ЖАКтын дүң кирешесинин 0,6% түшөт. Бул каражаттар аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталары маалым болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө, башка маселелер менен катар, Ат-Башы районунда соода-логистикалык борборун куруу долбоору талкууланды.

Жапаров соода-логистикалык борбордун курулушу менен 30 миңге чейин жаңы жумуш орундарын түзүүгө боло тургандыгын жана бул учурда дотациядагы Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө чоң жардам болорун баса белгиледи. 

Тэги: Нарынская обаласть фонд развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу