Жыл аягына чейин Ноокатта 1 млн долларга мектеп курулат

23.09.2021, 12:30 Акчабар
Жыл аягына чейин Ноокатта 1 млн долларга мектеп курулат

Ош облусунун Ноокат районунун Борко айылында 375 окуучуга ылайыкталган мектеп курулууда. Долбоордун 60%ы аткарылды, объект ушул жылдын аягында пайдаланууга берилет, деп билдирди Архитектура, курулуш жана турак жай -коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.

Мекеменин маалыматы боюнча, учурда ички жасалгалоо жана электр иштери, ошондой эле жылуулук, суу түтүгү, канализация жана тышкы тармактарды орнотуу иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, тышкы жасалгалоо иштери башталды.

Объектинин курулушу 2020-жылдын январь айында башталган. Жаңы мектептин сметалык баасы 1 миллион доллар, анын 459 миң доллары каржыланган.

Тэги: строительство школа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу