АӨБ ноябрда Кыргызстандын бюджетин 5,8 млрд сомго каржылайт

16.11.2021, 09:49 Акчабар
АӨБ ноябрда Кыргызстандын бюджетин 5,8 млрд сомго каржылайт

Ноябрь айына республикалык бюджеттин жалпы ресурстары 31 миллиард 844 миллион 134,2 миң сом өлчөмүндө пландаштырылган. Бул тууралуу Каржы министрлигинин ушул айга кассалык пландаштыруунун максималдуу суммасы боюнча документинде жазылды.

Салт боюнча бюджетке каражаттын басымдуу бөлүгү салык төлөмдөрүнөн түшөт, ал план боюнча 12 миллиард 95 миллион 199,6 миң сом болушу керек. Анын 7 миллиард 544 миллион 49,6 миң сомун жыйноо Мамлекеттик салык кызматына, дагы 4 миллиард 551 миллион 150 миң сому Мамлекеттик бажы кызматына жүктөлгөн.

Ошол эле учурда экономиканы диверсификациялоону колдоо программасынын алкагында бюджетке Азия өнүктүрүү банкынан да 5 миллиард 890,5 миллион сом өлчөмүндө колдоо көрсөтүлөт. Ушул эле программанын алкагында АӨБдөн расмий трансферт түрүндө казынага 909,5 млн сом түшөт.

 

Тэги: АБР бюджет Кыргызстан экономика деньги

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу