Ноябрь айында көмүрдүн баасы 4.3% жогорулаган

29.11.2019, 13:45 Акчабар
Ноябрь айында көмүрдүн баасы 4.3% жогорулаган

Республика боюнча көмүргө болгон орточо баа акыркы 4 жума ичинде 196.24 сомго же 4.3% көтөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

2019-жылдын 28-ноябрындагы маалыматка ылайык, көмүрдүн 1 тоннасына болгон жогорку баа Баткен облусунда (8143.25 сом), Кара-Суу шаарында (8124.04 сом) жана Ноокат шаарында (7484.88 сом)  катталган. Муну менен катар 1тонна көмургө болгон минималдуу орточо баа республика боюнча, Балыкчы шаарында (3694.59 сом), Нарында (3549.65 сом) жана Чаек айылында ( 2 миң 500 сом) катталган. 

Көмүрдүн чекене баасы Токтогул шаарында - 921 сомго же 20.5% өскөн. Өзгөн шаарында - 912.60 сомго же 20.1%, Талас шаарында - 925 сомго же 19.8% жогорулаган.  

Тэги: цены на уголь повышение цен ноябрь

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу