Мамлекеттик салык кызматы октябрь айында 9 миллиард 921,8 миллион сом салык жана төлөмдөрдү чогултту. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Аткаруу 100,4%ды түздү, же план 42,3 млн сомго ашыкча аткарылды.
"2020-жылдын октябрь айына салыштырмалуу салыктардын жана төлөмдөрдүн түшүүлөрү 2 млрд 330,8 млн сомго көбөйдү же өсүү темпи 130,7%ды түздү", - деп билдирди Мамлекеттик салык кызматы.
Жалпысынан ушул жылдын январь-октябрь айлары үчүн Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 85 миллиард 770,5 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 103,7%га аткарылып, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 23 млрд 124,4 млн сомго көп же өсүү темпи 136,9%ды түздү.