Ушул жылдын 1-октябрынан 3-октябрына чейин Бишкекте Organic Expo - 2021 аталышындагы органикалык азыктардын масштабдуу көргөзмөсү өтөт. Бул тууралуу айыл чарба министрлиги билдирди.
Көргөзмө-жарманкеде Кыргызстандын өндүрүүчүлөрүнүн жана кайра иштетүүчүлөрүнүн органикалык айыл чарба продукциялары коюлат.
Жарманке Кыргызстандагы Кореянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (KOICA) колдоосу менен өтөт.