Ош облусунда каржы кызматтары тууралуу тегерек стол өттү

18.11.2019, 12:20 Акчабар
Ош облусунда каржы кызматтары тууралуу тегерек стол өттү

13-ноябрда Ош облусунун  Өзгөн районунда «Каржы кызматтарына болгон мүмкүнчүлүк» аттуу Улуттук банк жана өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү менен  уюштурулган тегерек стол өттү. Бул тууралуу Улуттук банктын басма сөз кызматы билдирет. 

Тегерек столдо айыл-аймактагы Улуттук банктын, Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун, ААК «Гарантиялык фондтун», ЖАК «Банктар аралык кайра иштетүү борборунун», КР коммерциялык банктардын, жергиликтуу бизнес-коомчулуктунг өкүлдөрү  жана Өзгөн районунун акими катышты. 

Бул иш-чара жергиликтүү бийлик органдарынын катышуусунда финансы институттары менен Өзгөн районунун бизнес-коомчулуктары ортосунда натыйжалуу карым-катышты түзүү максатында уюштурулган. Тегерек стол маегинин жүрүшүндө Улуттук банктын жана коммерциялык банктардын өкүлдөрү калктын жана ишкерлердин сапаттуу, жеткиликтүү банктык жана финансылык кызмат көрсөтүүлөрдөн пайдалануусун камсыз кылуу жагында жөнгө салуучу жана бүтүндөй банк сектору тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жана иш-аракеттер тууралуу маалымат беришти. 

 

 

Тэги: Ошская область круглый стол Нацбанк КР

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу