Депутат Улан Примовдун атасы Өзгөндөгү ташкөмүр кенин иштетет

27.11.2019, 15:00 Акчабар
Депутат Улан Примовдун атасы Өзгөндөгү ташкөмүр кенин иштетет

Ушул жылдын ноябрь айынын 22синдеОш областынын Өзгөн районунда Кара- Төбө кениндеги «Кара –дөбө 1» жана «Кара – дөбө2» участокторунда ташкөмүр кенин чалгындоого аукциондор болуп өттү.

«Кара –дөбө 1» участогуна аукциондун баштапкы баасы 8590 (сегиз миң бешжүз токсон) АКШ долларын түзгөн. 72000 (жетимиш эки миң) АКШ долларын сунуштап ЖЧМ  «Цзю Цзю Си» аукционду жеңип алды.

«Кара –дөбө 2» участогуна аукциондун баштапкы баасы 15 227 (он беш миң эки жүз жыйырма жети) АКШ долларын түзгөн. 128 000 (жүз жыйырма сегиз миң) АКШ долларын сунуштап ЖЧК «Пэрити Коал» жеңүүчү деп табылды.

«Цзю Цзю Си» компаниясы Юстиция министрлигинде 2019-жылдын 4-июлунда каттоого турган. Жетекчиси Жианг Жихуа. Кыргыз-кытай компаниясы ушул жылы бюджетке акча которуша элек. 

ОсОО «Пэрити Коал» депутат Улан Примовдун үй-бүлөсүнө таандык. Компаниянын жетекчиси анын атасы - Бердибек Примов. Компания 2018-жылы бюджетке 119 млн сом салык төккөн. 

Аукционго  «Адылбек», «Жетимиш жети-77» , «Кара-Алтын ЛТД»  ЖЧК дагы катышкан. 

 


 

 

 

Тэги: аукцион геологоразведочные работы Ошская область

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу