Ошто үйлөнүү той, маараке жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат

18.06.2021, 13:40 Акчабар
Ошто үйлөнүү той, маараке жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат

1-июлдан баштап Ош шаарында үйлөнүү той, маараке жана башка коомдук иш-чараларга тыюу салынат. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Буга байланыштуу, ресторандардын менеджерлери жана администраторлоруна тойканага 1-июлдан баштап массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча буйруктарды кабыл албоо сунушталат.

Ош шаарынын вице-мэри Эмил Шадыхановдун айтымында, санитардык нормаларды жана эрежелерди бузгандар мыйзам чегинде жооп берет.

"Азыр биздин алдыбызда санитардык ченемдердин сакталышына көзөмөлдү күчөтүү милдети турат. Атап айтканда, бул адамдардын массалык чогулушунун объектилерине тиешелүү. Жарандарды санитардык-эпидемиологиялык ченемдерди жана эрежелерди так сактоого, анын ичинде медициналык маска кийүүгө, колду дезинфекциялоого жана социалдык аралыкты сактоого үндөө зарыл. Мындан тышкары, ар кандай коомдук иш-чараларды өткөрүүдөн жана көп адамдар чогулган тамактануучу жайларга баруудан алыс болуу сунушталат. Оштоо кырдаал оңой эмес. Күн сайын Сovid менен ооруган 100гө жакын жаңы учур катталууда. Санитардык ченемдерди аң-сезим менен сактоо гана инфекциянын жайылышын токтотууга өбөлгө болот", - деди вице-мэр.

Эске салсак, Бишкекте 17-июндан баштап көңүл ачуучу жайлардын жана коомдук тамактануучу жайлардын ишине чектөө киргизилген. 

Тэги: пышные свадьбы Ош массовые мероприятия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу