Май айынын биринчи жумасында, тагыраагы, 6-майда биржалык аянтчада мамлекеттик казына векселдерин жайгаштыруу боюнча эки бүтүм жасалды. Бул тууралуу Kыргыз фондулук биржасынын сайтында жазылды.
12 айлык мамлекеттик векселдер 300 миң сомго, бир баалуу кагаз 94,34 сомдон сатылды.
Белгилей кетсек, 12-майга карата өкмөттүн баалуу кагаздардын бул түрү боюнча милдеттенмелери 267 миллион 371 миң сомго бааланган.