Казакстанда наксыз төлөмдүн көлөмү өсүүдө

18.11.2019, 11:35 Акчабар
Казакстанда наксыз төлөмдүн көлөмү өсүүдө

Казакстанда биринчи жолу наксыз төлөмдүн  көлөмү, накталай акча жүгүртүүдөн өскөнү катталды. 2019-жылдын сентябрь айында өлкөдө  казакстандык жана чет өлкөлүк эмитенттердин наксыз жүргүзгөн төлөмдөрү сумма менен 3.6 млрд долларды  (1.4 трлн теңге), каржатты накталай алуу – 3.3 млрд долларды (1.3 трлн теңге) түзгөн.  

Наксыз төлөмдүн тогуз айдагы үлүшү 43.9%дан 51.7% чейин өскөн. Бир жыл мурун бул көрсөткүч 31.7% түзгөн. 

Жалпысынан 2019-жылдын тогуз айында Казакстан Республикасынын аймагында накталай каражатты картадан чыгарып алуунун көлөмү, наксыз төлөмдөн көп болгон. Муну менен катар картадан чыгарылган накталай каражаттын үлүшү бир жыл ичинде 72.5 пайыздан 58.4 пайызга кыскарган. Беш жыл мурун бул көрсөткүч 90 пайызды түзгөн. 

Казакстанда үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айында банкомат жана POS-терминалдар аркылуу картадан 30.2 млрд доллар (11.7 трлн теңге) каражат чыгарылып алынган. Бул  өткөн жылга салыштырмалуу, 22 пайызга көп болгон. 

Мындан ары наксыз төлөм жүргүзүүнүн көлөмү өсөөрү байкалат. Эске сала кетсек, буга чейин казакстандыктардын картадан картага акча которууларына салык  киргизүү сунушталган.

Бирок, кийинчерээк Каржы министрлиги физикалык жактардан мындан ары которуулары үчүн салык алынбаарын билдирген. Муну менен катар ишкерлер колдонгон көп тараптуу наксыз төлөм жана картадан картага которуу системасына салык киргизүү – кайрадан каражатты накталай колдонуу жолуна алып келмек. 

Бул тартышка президент Касым-Жоомарт Токаев чекип коюп, картадан картага акча которууга салык киргизүү чечимин кабыл алган. Бул тууралуу президенттин жардамчысы Маулен Ашимбаев билдирген. 

Казакстанда региондор арасында эң көп накталай каражат менен колдонгон – Алматы 40.8 пайыздан 8.2 млрд долларга чейин (3.2 трлн теңге)  болгон.  Экинчи орунда Түркстан облусу жана Шымкент болгон: бир жыл ичинде 31.3 пайыздан 2.8 млрд долларга чейин өскөн (1.1 трлн теңге). Ал эми Нур-Султан шаарында 3.3 млрд долларды түзүп,  (1.3 трлн теңге), өткөн жылга салыштырмалуу 16.9 пайызга көп болгон. 

Казакстандын жалпы 17 регионунда тең банкоматтан акча алуу – 10 трлн теңгени түзгөн. 2018-жылдын январь-сентябрь айлары менен салыштырып караганда, 21.1 пайызга өскөн. 

Наксыз төлөмдүн өсүшүнө карабастан, Казакстандын банктары банкоматтык тармакты  көбөйтүүнүн үстүндө. 2019-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы менен банкоматтардын саны 16.5 пайыздан 11.6 миңге чейин өскөн. Буга чейин эки жыл бою орнотулган банкоматтар 2.8 пайызды гана түзүп келген. 

Учурда Алматы облусунда – 560 банкомат, Түркстан жана Шымкент облустарында – 938 банкомат, Кызыл Ордо облусунда – 398 банкомат бар. Банкоматтык тармактын өсүшү Казакстандын бардык региондорунда байкалат. 

 

Тэги: безналичный оборот Казахстан деньги экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу