Казакстанда коронавирус илдети менен күрөшүп жаткан медицина кызматкерлери салык жана социалдык төлөмдөрдөн бошотулду. Бул тууралуу kapital.kz порталы билдирди.
Белгиленгендей, мындай чара 2020-жылдын 1-мартынан тарта киргизиле баштаган.
Бул чечим өкмөттүн 2020-жылдагы 20-апрелиндеги чечиминен улам кабыл алынган. Медицина кызматкерлери төмөнкү төлөмдөрдөн бошотулду:
— жеке жактардан алынуучу киреше салыгы;
— социалдык салык;
— милдеттүү пенсиялык төгүмдөр;
— социалдык чегерүүлөр;
— милдеттүу медициналык камсыздандыруу төгүмдөрүнөн.