Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол унаа жолунун 25 километрин реконструкциялоону каржылоо (Балыкчы - Барскоон участогу, 0-141, 640 км) "Кыргызалтындын" келечектеги дивиденддерин төлөө аркылуу ишке ашырылат. Мындай чечим компаниянын акционерлеринин 28-июлдагы кезексиз жалпы чогулушунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.
Балыкчы - Барскоон участогун реконструкциялоону каржылоого байланыштуу документтерге кол коюу укугу "Кыргызалтындын" башкармалыгынын төрагасына жүктөлгөн.
Балыкчы - Ананьево - Каракол - Бөкөнбаев - Балыкчы унаа жолунун жалпы узундугу 440 чакырымды түзөт. Бул жол ΙΙΙ техникалык категорияга кирет. Аны реабилитациялоонун жалпы сметалык баасы 550 миллион долларды түзөт (2019-жылдын 20-ноябрына карата маалыматтар).