Сентябрь айында 5,95 млн сомдук жасалма алкоголдук ичимдиктер аныкталган

04.10.2021, 16:40 Акчабар
Сентябрь айында 5,95 млн сомдук жасалма алкоголдук ичимдиктер аныкталган

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 2021-жылдын сентябрь айында рейддик текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 5 миллион 958,7 миң сом суммасындагы 39 миң 815 бөтөлкө алкоголдук продукцияны жүгүртүүдөн алышкан. Бардык кармалган продукциялар жасалма акциздик маркалар менен жана лицензиясы жок болгонун мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Өткөн айга салыштырмалуу бул 19 миң 437 бөтөлкөгө көп, же өсүү темпи 95%ды түзөт.

Ошондой эле, ай ичинде 200 000 сом суммасында акциздик маркасы жок 3 миң 228 куту тамеки буюмдары кармалган, бул август айына салыштырмалуу 1661 кутуга көп, же өсүү темпи 200%ды түзөт.

 

 

Тэги: ГНС

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу