Сентябрда Кумтөр Кыргызстандын бюджетин 1,5 млрд сомго толуктады

26.10.2022, 13:21 Акчабар
Сентябрда Кумтөр Кыргызстандын бюджетин 1,5 млрд сомго толуктады

Быйыл тогуз айда “Кумтөр” Кыргызстандын бюджетин 25 миллиард 376 миллион 38,5 миң сомго толуктады. Мындай маалыматтар мамлекеттик бюджеттин аткарылышы боюнча акыркы отчетто берилди.

Анын ичинен Кумтөр дүң кирешеге салык катары бюджетке 7 миллиард 856 миллион 300,3 миң сом төлөгөн. Калган 17 миллиард 519 миллион 738,2 миң сом өлкөнүн минералдык-сырьелук базасын өнүктүрүү үчүн жылдык төлөм катары мамлекеттик казынага түшкөн.

Кошумчалай кетсек, сентябрь айында Кумтөр мамлекеттик бюджетти бул суммадан 1 миллиард 462 миллион 234,9 миң сомго толуктаган. Түшүүлөр 1 млрд 235,7 миң сом өлчөмүндө дүң кирешеге салык төлөө менен да, минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүүгө жылдык сумма – 461 млн 999,2 миң сом менен камсыздалат.

Тэги: новости Кыргызстана Кумтор экономика деньги бюджет

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу