Алты айыл өкмөттө “Бирдиктүү терезе” системасы иштеп баштады

18.10.2021, 12:50 Акчабар
Алты айыл өкмөттө “Бирдиктүү терезе” системасы иштеп баштады

Санариптештирүүнүн жана калкка кызмат көрсөтүүнү жакшыртуунун алкагында Кыргызстандагы Ырдык, Кызыл-Туу, Сары-Камыш, Талдуу-Булак, Терек-Сай жана Сары-Булуң айыл өкмөттөрүндө "Бирдиктүү терезе" принциби иштей баштады. Бул тууралуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги билдирди. 

“Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун колдоосу менен бул муниципалитеттерде оргтехника сатылып алынды. Калкка сапаттуу кызмат көрсөтүү үчүн "бирдиктүү терезенин" ачылышына гранттык колдоо 40 миңден ашык адамга 1,8 миллион сом өлчөмүндө көрсөтүлдү.

Кыргызстандын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу биримдиги 2021-жылдын башынан тарта Швейцариянын колдоосу менен бул долбоорду ишке ашыра баштаган.

 

 

Тэги: единое окно МСУ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу