Сокулук айыл өкмөтү атайын техникаларды сатып алууга тендер жарыялады. Бул тууралуу мамлекеттик сатып алуулар сайтына жарыяланды.
Тендердин жалпы суммасы 10 миллион 367 миң сомду түзөт.
Белгилей кетсек, 6 миллиондон ашык каражатка таштанды ташуучу унааларды сатып алуу пландалууда. Калган каражатка таштанды контейнерлери бар унаалар сатылып алынат.