Бишкек мэриясы соода жана көңүл ачуу борборлордогу балдар аянтчаларынын иштөөсүнө уруксат берди. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылдын 1-июнунан баштап соода жана көңүл ачуу борборлорунда балдар аянтчалары калыбына келтирилди.
"Бирок, аянтчалардын ээлери объектинин толтурулушунун ченемдерин 50% га чейин сакташы керек", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, ушул жылдын 1-апрелинен бери балдар ойноочу аянтчалар жабык турган.