Керектөөнүн кескин өсүшүнө байланыштуу энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

06.10.2021, 19:42 Акчабар
Керектөөнүн кескин өсүшүнө байланыштуу энергетиктер элди электр энергиясын үнөмдөөгө чакырды

Республика боюнча электр энергиясынын суткалык керектөөсү 5-октябрда күз-кыш мезгилине 2021-2022-жылдарга карата Минкаб тарабынан белгиленген 32 миллион 476 миң кВт/саат чеги менен 39 миллион 908 миң кВт/саатты түздү.

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын сентябрында республикада электр энергиясын керектөө 890 миллион 374 миң кВт.саатты түзгөн, 2020-жылы ушул мезгил үчүн керектөө 856 миллион 23 миң кВт/саат болду.

Муну менен ушул жылдын сентябрь айында электр энергиясын керектөөнүн көрсөткүчтөрү өткөн жылга салыштырмалуу 34 миллион 351 миң кВт/саатка көп экени маалым болду.

"Токтогул суу сактагычында суунун топтолушунун учурдагы абалын эске алуу менен, "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ишканасы калкты жана башка керектөөчүлөрдү электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу боюнча кайрылууда. Биз ошондой эле бардык жарандарды кошумча электр приборлорун жана жарыктандырууну кереги жок күйгүзбөөгө чакырабыз”, - деди мекеменин башкы директору Жолдошбек Ачикеев.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу