Үстүбүздөгү жылдын январь айында бажы салымдарынан мамлекеттик бюджетке 77 млн 834 миң 580 сом түшкөн. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди.
Анын ичинен дээрлик 55% бажы каттоодон (42.9 млн сом), 25.1% - алынып келген продукцияларга болгон бажы төлөмдөрүнөн (19.55 млн сом), 18.5% - ЕАЭБдин алкагындагы бажы алымдарынан КР эсебине 14.4 млн сом которулган.
Кошумчалай кетсек, ЕАЭБ келишиминен улам бюджтке түшкөн бажы салымдары 980 млн сомду түзгөн. Келип түшкөн сумманын басымдуу бөлүгү же 92% бажы салымдары Россия өлкөсүнө туура келет.