Үстүбүздөгү жылдын январь айында Кыргызстан мамлекеттик арызына бюджеттен 2 млрд 744 млн 395.6 миң сом каралган. Бул тууралуу финансы министрлигинин кассалык планында айтылат.
2020-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу сумма 7% өскөн. 2020жылы мамкарызды төлөөгө 2 млрд 564 млн сом бөлүнгөн.
Кошумчалай кетсек, өткөн жылы республикалык бюджеттен мамлекеттик карыздарга 30.6 млрд сом бөлүнгөн, ал эми 2021-жылы — 35.3 млрд сом бөлүү пландалууда.